Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министринин (Түшүндүрмөнү бекитүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 26-февралы № 33 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин XI бөлүмүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 94-пунктунун "в" пунктчасын колдонуу тартиби тууралуу тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жиберилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси- министр
Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин 2009-жылдын 26-февралындагы № 33 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы
№ 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы
жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун
94-пунктунун "в" пунктчасын колдонуу тартиби тууралуу
ТҮШҮНДҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 6-статьясында Эмгек кодекси, эмгектик укук ченемдерин камтуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй адамдарга: аскердик кызмат милдеттерин аткаруу учурунда аскер кызматчыларына; ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына колдонулбайт деп айтылган. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 94-пунктунун "в" пунктчасында кызматкер кызмат өтөөнүн пенсияга укук берүүчү белгиленген мөөнөтүн өтөгөндө запаска бошотулушу мүмкүн (аскердик каттоого коюу менен) деп белгиленген. Кызмат өтөө мөөнөтү бүткөнгө байланыштуу запаска бошотуу иш берүүчүнүн демилгеси боюнча да, кызматкердин демилгеси боюнча да болушу мүмкүн. Жогоруда аталган Жобонун 103 жана 104-пункттарына ылайык катардагы жана жетекчи курамды кызматтан бошотуу кызматка дайындоого укуктуу жетекчи тарабынан ишке ашырылат. Ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамын пенсиялык камсыздоо Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ишке ашырылаарын кошумча белгилейбиз. Бул мыйзамдык актыда пенсиянын түрлөрүнүн бири - кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсия белгиленген. Аталган Мыйзамдын 13-статьясына ылайык кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсияга чыгууга кызматтан бошотулган күнгө карата ички иштер органдарында 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөн жетекчи жана катардагы курамдагы адамдар укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону…Постановление · 23.07.2007 · № 281 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241