# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 182 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 182 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13526/edition/948901/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 182 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (21.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213187

---

(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябры № 818 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 21-апрели № 182 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамында:

- курамга төмөнкү адамдар киргизилсин:

Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Дууланов Батырбек Дууланович - Республикалык жеке унаа ижарачылары жана айдоочулары коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча), Комиссиянын мүчөсү;

- Комиссиянын курамынан Т.Б.Мамытов чыгарылсын;

- "Исмаилов М.А." кызматында "мэрдин милдетин аткаруучу" деген сөздөр "биринчи вице-мэр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
