# КР Премьер-министринин 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 181 (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 181 (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2013
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13392/edition/1279237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 181 (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213053

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2013-жылдын 22-апрели № 181 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын жалпы улуттук майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн:

1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Сарпашев Т.Д.

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Момуналиев Н.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Абдылдаев Э.Б.

\-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Лаврова О.В.

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Өмүралиев Т.Б.

\-

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Суранчиев А.Ш.

\-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Раев С.А.

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Садыков К.Ж.

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Жакыпов Ж.И.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Эргешов А.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Муратов А.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Жолдошева Н.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Токтогулова Н.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Куйкеев Э.А.

\-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Усубакунова А.И.

\-

Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 68 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын беш күндүк мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
