# 4-статья. Биосфералык аймактарды түзүүнүн тартиби

- Документ: [Биосфералык аймактар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/213)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 48 "Биосфералык аймактар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2020 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О биосферных территориях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112026)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/213#diff=1260732..1260733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-200/edition/1260731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биосфералык аймактар жөнүндө, 4-статья (06.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-4

---

Биосфералык аймактар Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү илимий негиздөөнүн жана техникалык долбоордун негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Биосфералык аймактар жөнүндө жобого ылайык иштейт. Биосфералык аймак жөнүндө жобо биосфералык аймактын чек араларын, пайдалануунун ар кандай режимдери бар зоналарга бөлүнүшүн, биосфералык аймактын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы менен алардын өз ара аракеттенүүсүн, жаратылышты коргоо иш-чараларын, ошондой эле биосфералык аймактын иштеши үчүн зарыл болгон башка маселелерди аныктайт. Түзүлгөн биосфералык аймактар эл аралык биосфералык резерваттар тутумуна киргизүү үчүн ЮНЕСКОго берилет, бул ЮНЕСКОнун тиешелүү ырастамасын берүү менен далилденет. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-5)
