# 2-статья. Биосфералык аймактар түшүнүгү жана статусу

- Документ: [Биосфералык аймактар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/213)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 48 "Биосфералык аймактар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2020 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О биосферных территориях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112026)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/213#diff=1260732..1260733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-200/edition/1260731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биосфералык аймактар жөнүндө, 2-статья (06.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-2

---

Биосфералык аймактар жер бетиндеги жана суудагы экологиялык тутумдардын участокторун же алардын биологиялык ар түрдүүлүктүн туруктуу тең салмактуулугун, экологиялык өнүгүүнү текшерүүнү жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуучу айкалышын билдирет. Биосфералык аймактар өздөрү үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген улуттук деңгээлдеги өзгөчө корголуучу аймактардын статусуна ээ. Биосфералык аймак өзгөчө жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ. Биосфералык аймактын статусу төмөнкүлөр менен аныкталат:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын болушу;

- флоранын жана фаунанын объекттеринин ар түрдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү;

- жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси;

- туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/213/st-3)
