# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 405-б ("Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 405-б ("Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 405-р
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13321/edition/587650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 405-б ("Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу тууралуу) буйругу (12.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212981

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 12-сентябры № 405-б "Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамын социалдык-маданий арналыштагы, саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин курууну аяктоо үчүн максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жарандык-турак-жай курулушу департаменти 10,0 (он) миллион АКШ доллары суммасындагы акча каражаттары боюнча кассалык чыгымдарды жүргүзүү боюнча аткаруучу-оператор (мындан ары - аткаруучу-оператор) болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Центерра Голд Инк" компаниясынан келип түшкөн демөөрчүлүк жардамдын каражаттарынан каржыланууга тийиш болгон объекттердин тизмесин (мындан ары - Тизме) түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин.

3. Аткаруучу-оператор:

- "Центерра Голд Инк" компаниясына андан аркы чыгымдар жүргүзүлө турган "РСК Банк" ачык акционердик коомундагы эсептин реквизиттерин (эсептин № 1299001900068250) билдирсин;

- ушул буйруктун 2-пунктунда аталган Тизмеге ылайык объекттердин курулушун каржылоону өз убагында жүргүзсүн;

- курулушу аяктаган объекттерде "Бул объекттин курулушу "Центерра Голд Инк" компаниясынын демөөрчүлүк жардамы менен аяктады" деген жазуусу бар такталарды орнотууну камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттар демөөрчүлүк жардам болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 377-беренесинин 2-пунктуна ылайык атайын каражаттарга киргизилбейт.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө, ошондой эле транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А. Атамбаев
