# КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 24-сентябрындагы № 417-б (Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 24-сентябрындагы № 417-б (Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 417-р
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212944>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13284/edition/583094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212944.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 24-сентябрындагы № 417-б (Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактыруу боюнча) буйругу (24.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212944

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 24-сентябры № 417-б

1. Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине, Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти катары (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
