# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 388-б (Уюштуруу комитет түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 388-б (Уюштуруу комитет түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 388-р
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212717>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13057/edition/1143038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 388-б (Уюштуруу комитет түзүү боюнча) буйругу (11.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212717

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 11-сентябры № 388-б Эл аралык спорт майданында Кыргыз Республикасыньш беделин чындоо максатында, «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасыньн Мыйзамынын 23-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык:

1. Бишкек шаарында 2014-жылдын 13-16-сентябрында Чалкасынан жатып оордукту көтөрүү боюнча Азия чемпионатына (мындан ары – Азия чемпионаты) даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасыньш Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2014-жылга бекитилген бюджетинин чегинде 1500,0 мин (бир миллион беш жүз мин) сомду өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 11-сентябрындагы №388-б буйругуна тиркеме

Чалкасынан жатып оордукту көтөрүү боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

Исакулов Жылдызбек Абдилахатович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Мотукеев Болот Джакинбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кожошев Арзыбек Орозбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Калиев Марат Темирбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

Сатывалдиев Калыбек Ажибекович

\-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;

Уметалиев Арсланбек Таалайбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору;

Жумагулов Султанбек

\-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);

Керимбеков Бакыт Макенович

\-

Кыргыз Республикасынын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
