# КР Премьер-министринин 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 840 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 840 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 840
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12970/edition/579115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 840 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу (06.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212630

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 6-ноябры № 840 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 765 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
