# КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 4-сентябрындагы № 379-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 4-сентябрындагы № 379-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 379-р
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12921/edition/578263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 4-сентябрындагы № 379-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу (04.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212581

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 4-сентябры № 379-б

1. Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 191-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

протокол

Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашуунун (мындан ары -Макулдашуу) 19-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене

Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5-берене

1. Автоунаа каражаттары менен жүктөрдү ташуулар уруксаты жок ишке ашырылат:

1) эки Тараптын мамлекеттеринин ортосунда;

2) эки Тараптын мамлекеттеринин аймагы боюнча транзит менен.

2. Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын белгиленген жерге жеткирүүдө да уруксат талап кылынбайт.

3. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчүнчү мамлекетгин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташуу экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан алынган уруксаттын негизинде аткарылат.

Эгерде эки Тараптын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерде үчүнчү Өлкөнүн аймагына/аймагынан экинчи Тараптын аймагына жүктөрдү ташууну ишке ашыруунун башка тартиби белгиленсе, анда мындай ташуулар ошол эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.".

2-берене

Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Айдоочуларда өзү башкарган унаа каражаттарынын категорияларына тиешелүү улуттук же эл аралык айдоочунун күбөлүгү жана автоунаа каражатына улуттук каттоо документтери болушу керек. Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын дайындалган жерге жеткирген учурда айдоочуларда мындай автоунаалык каражаттарга убактылуу каттоо документтери болушу керек.".

3-берене

Бул Протокол, анын күчүнө кириши учун зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында 2014-жылдын «\_\_\_\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кыргыз, казак жана орус тилдеринде, ар бири эки нускада түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Казак Республикасынын Өкмөтү үчүн
