# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-августундагы № 360 (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-августундагы № 360 (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 360
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12590/edition/927062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 21-августундагы № 360 (Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу (21.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212250

---

КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5-февралындагы № 50 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 21-августу № 360 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:

Джунушалиев Айбек Джунушалиевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Саргазаков Максатбек Таштанбекович

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси;

Калмырзаева Чолпон Сарыкуевна

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Осмонов Кыдыкбек Сыдыкбекович

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы;

Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментинин директору.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 15-июлундагы № 347 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
