# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-августундагы № 333-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 297-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-августундагы № 333-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 297-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 333-р
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12589/edition/574443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-августундагы № 333-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 297-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу (19.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212249

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 19-августу № 333-б 2014/2015-жылдып алдыдагы күзгү-кышкы мезгилине Ош шаарынын калкын даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынып Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 297-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пунктунда:

жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдой редакцияда берилсин: "Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына - 4 электр от казанын катуу отунга этап-этабы менен которуу үчүн 17,2 млн.сом (Бабур атындагы № 43 орто мектептин, № 48 "Росинка" бала бакчанын, "Боорукердик" интернат-үйүнүн, Нишанов 1-2 атындагы № 50 орто мектептин электр от казандары);

- Ош шаарынын мэриясына бекер берилүүчү 31,97 млн. сом өлчөмүндөгү каражат, анын ичинен 13,5 млн. сом - жаратылыш газып керектоөчүлөр үчүн газ баллондорун жана плиталарын сатып алууга жана 18,47 млн. сом - Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык 23 үй-бүлөлүк жатакананын жылытуу тутумуп калыбына келтирүүгө;";

төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- Ош облусунун Кара-Суу районунуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекер берилүүчү каражаттар (тиркемеге ылайык), 3,63 млн.сом өлчөмүндө жаратылыш газын керектөөчүлөр үчүн газ баллондорун жана плиталарын сатып алууга.";

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "мэриясы" деген соз "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы" деген создор менен алмаштырылсын»;

- бул буйруктун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 августундагы № 333-б буйругуна тиркеме

Тиркеме

Ош облусунун Кара-Суу районунун жергликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеги

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы

Сумма (сом менен)

1

Төлөйкөн

379 400

2

Кызыл-Кыштак

867 200

3

Шарк

813 000

4

Сарай

59 620

5

Савай

132 790

6

Нариман

650 400

7

Кара-Суу шаары

727 500

Жыйынтыгы

3 629 910
