# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 334-б ("Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 334-б ("Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 334-р
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12588/edition/845114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 334-б ("Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча) буйругу (21.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212248

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 20-августу № 334-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 124-б буйругунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 22-т тескемесинин редакцияларына ылайык) "Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун үч фазада ишке ашырсын:

- 1-фаза узундугу 154 км, 2014-2017-жылдары: узундугу 12 км болгон 183-195-км Кызыл-Жылдыз - Арал жана узундугу 3,89 км болгон Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелди кошкондо узундугу 142 км болгон 291-433-км Казарман - Жалал-Абад участокторун куруу менен, баланска кийин кабыл алуу жана аларды андан ары күтүүнү камсыз кылуу менен;

- 2-фаза узундугу 216 км, 2014-2017-жылдары: узундугу 96 км болгон 195-291-км Арал-Казарман участогунун жаңы участогун куруу жана узундугу 120 км болгон 64-183-км Кочкор - Кызыл-Жылдыз участогун реабилитациялоо менен, баланска кийин кабыл алуу жана аларды андан ары күтүүнү камсыз кылуу менен;

- 3-фаза узундугу 63 км, 2015-2017-жылдары 0-63-км Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 214 км Балыкчы участогун реабилитациялоо менен.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 22-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. "Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорун каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

- Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Евразия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген насыялары жана гранттары;

- республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 124-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин төмөнкү чыгымдарын каржылоону камсыз кылсын:

- долбоорду башкаруу боюнча (операциялык чыгымдар);

- мамлекеттик архитектуралык-курулуш, техникалык жана автордук көзөмөл боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даярдалган баалоо отчетуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин тиешелүү жылга карата республикалык бюджетинде каралган каражаттардын алкагында, "Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу" долбоорунун таасирине мүлкү дуушар болгон жактарга компенсация төлөөгө.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 124-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. Жол-курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө боюнча эл аралык жеке консультанттарды тартуу укугу менен инженер-консультанттын иш милдети Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоордук-изилдөө институтуна жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж. Оторбаев
