Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 7 августундагы № 319-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 7-августу № 319-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик медицина жаатындагы билим берүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик медицина жаатындагы билим берүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - бирге "Тараптар", жана өз-өзүнчө "Тарап" деп аталышып), БУУнун Уставынын максаттарын жана принциптерин жактоосун ырасташып, 2000-жылдын 15-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы аскердик кызматташуу жөнүндө келишимди (мындан ары - "Келишим" деп аталат) жана 1993-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү келишимди (мындан ары - "Кызматташуу жөнүндө келишим" деп аталат) эске алышып, аскердик медицина жаатындагы кызматташууну орнотууга каалоосун билгизип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Максаты
Ушул Макулдашуунун максаты болуп, 4-беренеде каралган кызматташуу жааттарына карата мамиленин шарттарын белгилөөдө турат, ал боюнча Тараптар ыйгарым укуктуу органдардын компетенцияларынын алкагында кызматташтыкты ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт. 2-берене
Чөйрөсү
Ушул Макулдашуу 4-беренеде көрсөтүлгөн кызматташуу жааттарындагы персоналды, мүлктү, жабдууларды, маалыматты жана тажрыйбаны алмашууну карайт. 3-берене
Аныктамалар
Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1. Жиберүүчү мамлекет - кабыл алуучу мамлекетке персоналды, мүлктү жана жабдууну ушул Макулдашуунун алкагында жиберүүчү
мамлекет.
2. Кабыл алуучу мамлекет - жиберүүчү мамлекеттин персоналын, мүлкүн жана жабдуусун өзүнүн аймагында ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында кабыл алуучу мамлекет.
3. Чакырылган адамдар - Тараптардын бирөөсүнөн башка Тараптын мамлекетинин аймагына ушул Макулдашуунун алкагында жиберилүүчү аскер кызматчылар же жарандык адамдар.
4. Чакырылган студенттер - Тараптардын бирөөсүнөн башка Тараптын мамлекетинин аймагына ушул Макулдашуунун алкагында жиберилген окуп жаткан аскер кызматчылар же жарандык студенттер.
5. Үй-бүлө мүчөлөрү - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык чакырылган адамдардын багуусунда турган жубайлары же балдары.
6. Бейтаптар - Тараптар өзүлөрүнүн күчтөрү менен дарылай албаган же терең текшерүү талап кылынган, ошондой эле башка Тараптын мамлекетинин аймагына өз ара келишүүнүн негизинде текшерүү жана дарылоо максатында жиберилген аскер кызматчылар же жарандык адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
7. Кызматташуу - ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар тарабынан ишке ашырылуучу биргелешкен иш-чаралар.
8. Билим берүүчү мекемелер - Түркиянын Түркиядагы Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик-медициналык билим берүүчү мекемелери жана аскердик госпиталдары жана Кыргызстандагы аскердик-медициналык билим берүүчү мекемелери жана аскердик госпиталдары.
9. Билим алуу чөйрөлөрү - медицинанын ар кандай тармактары, стоматология, фармацевтика, ветеринария жана аскердик медицина жаатындагы башка билим берүү түрлөрү.
10. Стажировка - кабыл алуучу мамлекеттин билим берүү мекемесинин окуу планына ылайык теориялык жана практикалык сабактарга катышуу.
4-берене
Кызматташуу чөйрелөрү
Тараптар ортосундагы кызматтаигуу төмөнкү чөйрөлөрдө ишке ашырылат:
1. Аскердик-медициналык факультетте окутуу.
2. Медициналык кызматтын сержанттык курамынын кесиптик жогорку мектеби.
3. Мээрмандар жогорку мектеби.
4. Стоматологиялык билим берүү.
5. Фармацевтикалык билим берүү.
6. Курска алдын ала даярдоо, адистештирилген курс, аскердик медицина жаатындагы стажировка.
7. Кеңеш берүүлөр, конференциялар, семинарлар, симпозиумдар сыяктуу илимий иш-чаралар жана аскердик медицина жаатындагы башка иш-чаралар.
8. Аскердик медицина жаатындагы биргелешкен долбоорлор.
9. Жогорку мектепте, университетте окутуу жана аскердик медицина жаатындагы жождон кийинки билим алуу.
10. Окутуучуларды, кеңешчилерди, байкоочуларды, эксперттерди, академиялык кызматкерлерди жана студенттерди алмашуу.
11. Бейтаптарды дарылоо.
12. Медициналык камсыздоо жаатындагы кызматташуу.
13. Медициналык бөлүкчөлөргө, штабдарга, аскердик госпиталдарга жана аскердик-медициналык мекемелерге баруулар.
14. Биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана байкоочуларды аскердик медицина жаатындагы машыгууларга жиберүү.
15. Аскердик-медициналык мекемелердин ишин уюштурууда, ошондой эле алардын медициналык жана ооруктук камсыздоо маселелеринде маалыматтарды жана жардамды өз ара алмашуу.
5-берене
Ишке ашыруунун жана кызматташуунун принциптери
1. Окутуу боюнча масел ел ер темөнкүдөй:
а) окууга жиберилген адамдар, Тараптар тарабынан келишүүлөрдүн алкагында, ошондой эле, кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык тандалышы керек;
б) окуу мөөнөтү кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат;
в) эки мамлекеттин билим берүү мекемелери жыл сайын кызматташуу жааттары боюнча окуу орундарынын санын биргеликте аныкташат;
г) чакырылган адамдар жана студенттер окуу, текшерүү жана дарылануу принциптерин кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык сакташы керек;
д) окутуу тили Түркияда түрк/англис тилдеринде жана Кыргызстанда кыргыз/орус тилдеринде болушу керек; ,
е) чакырылган студенттер жана чакырылган адамдар ийгиликтүү окуш үчүн кабыл алуучу мамлекеттин мамлекеттик/расмий тилин тийиштүү деңгээлде билиш керек;
ж) арылчылык келип чыккан учурда Тараптар тил жактан даярдоо мүмкүнчүлүгүн берет;
з) текшерүү жана дарылоо боюнча атайын практикалык сабактарда окуу профаммасы менен каралган окуу процессине катышып жаткан чакырылган адамдар жана чакырылган студенттер кабыл алуучу мамлекеттин персоналынын бирдей категориялары менен бирдей шарттарда жоопкерчилик тартат. Чакырылган адамдар кабыл алуучу мамлекеттин камсыздандыруу кепилдигин алышы керек;
и) окуу программасын аткарбоонун, тартип бузуулардын же медициналык керсөтмөлөрүнүн негизинде адамдарды мындан ары окууга жараксыз деп табуу жонүндөгү маселе кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык чечилет. Мында, кабыл алуучу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы керсөтүлгөн адамдар менен болгон жагдайлар жөнүндө жиберүүчү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына кабарлайт. Мындай учурларда жиберүүчү мамлекет ушундай адамдарды кайта чакырып алуусу керек;
к) жиберүүчү мамлекет окуп жаткан чакырылган адамдарды жана чакырылган студенттерди себебин көрсөтпөстөн кайра чакыртып ала алат;
л) курска катышып жаткан жана окууда ийгиликтерге жеткен ар бир адам, кабыл алуучу мамлекеттин тийиштүү тастыктамасын алуусу керек.
2. Дарылоо боюнча кызматтар төмөнкүдөй:
а) кабыл алуучу мамлекет жыл сайын жиберүүчү мамлекеттин 30 бейтабын дарылоо боюнча акысыз кызматтар менен камсыздай алат. Баштапкы текшерүү бөлүнгөн квоталардан тышкары жүргүзүлөт, бирок мындан кийинки контролдук текшерүүлөр квотанын алкагында ишке ашырылат;
б) акысыз дарылануучу аскерлердин кабыл алуучу мамлекеттинаймагына жана кайра артты көздөй жол киреси жиберүүчү мамлекет тарабынан төлөнөт. Жарандык адамдардын жол киреси алар тарабынан өз алдынча төлөнөт. Эки мамлекеттин ортосунда пландалган жеткирүүчү аба кемеси бар болгондо, анда бощ орундардын санына жараша бейтаптардын ар бири бир коштоочу адам менен бекер ташылуусу мүмкүн;
в) кабыл алуучу мамлекеттин аймагына акы төлөөчү бейтаптар жиберилиши мүмкүн, мында дарылануу менен байланышкан чыгымдарды жиберүүчү мамлекет же бейтап өзү төлейт;
г) акысыз же акы толоп дарылануучу бейтаптарды тандоо жиберүүчү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт жана кабыл алуучу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
6-берене
Ыйгарым укуктуу органдар жана Ишке ашыруу планы
1. Ыйгарым укуктуу органдар жана Ишке ашыруу планы төмөнкүдөй:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Түркия Республикасынын Генералдык штабы.
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу Планын жыл сайын даярдоого милдеттенет. Биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруунун ушул Планында өткөрүлүүчү иш-чаралардын аталышы жана еткөрүлүучү иш-чаралардын чектери, алардын түрлөрү, убактысы жана орду, жоопкерчиликтүү органдар, финансылык маселелер жана башка деталдар каралат.
3. Кызматташуу Тараптардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен, өз ара түшүнүү принциптеринде ишке ашырылуусу керек.
4. Тараптар акысыз негизде же акча төлөө менен алмаша турган, ошондой эле ушул Макулдашуунун алкагында биргелешип чыгарган мүлк, техникалык маалыматтар жана документация Тараптардын алдын ала ез ара жазма түрүндөгү макулдугусуз үчүнчү Тарапка берилбеши керек.
5. Тараптардын ортосундагы кызматташуу биргелешкен илимий изилдөөлөр, медицина жана медициналык технология жаатындагы көргөзмөлөргө жана симпозиумдарга катышуу аркылуу, ошондой эле бардык деңгээлдеги сапарлар менен бекемделиши керек.
7-берене
Медициналык тейлөө
1. Чакырылган студенттерди текшерүү жана дарылоо боюнча тейлөөлөрдүн акысы кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуусу керек. Чакырылган студенттин анын ден-соолугу менен байланышкан камсыздандыруу төлөөлөрү жана чыгымдары кабыл алуучу мамлекет тарабынан төлөнөт.
2. Чакырылган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн текшерүү жана дарылоо боюнча тейлөөлөрүнүн акысы кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык алынган медициналык камсыздандыруусунун же эл аралык камсыздандыруу келишимдеринин алкагында таризделген иштеп жаткан медициналык камсыздандыруунун эсебинен жабылат. Камсыздандыруучу төлөөлөр жиберүүчү мамлекет же чакырылган адамдар тарабынан төлөнүүгө тийиш.
3. Кечиктирилгис медициналык кароо жана медициналык камсыздандыруу ала элек чакырылган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн дарылоо боюнча кызматтардын акысын кабыл алуучу тарап тарап төлөш керек.
4. Медициналык камсыздандыруу ала элек чакырылган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн текшерүү жана дарылоо боюнча калган кызмат акы чакырылган адамдар тарабынан же жиберүүчү мамлекет тарабынан төлөнүшү керек.
5. 3-беренеде айтылган адамдар каза болгон учурда, Тараптар "Келишимдин" жоболорун жетекчиликке алышат.
8-берене
Финансылык маселелер
Чакырылган адамдардын жана чакырылган студенттердин ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу иш-чараларын ишке ашыруу үчүн аныкталган финансылык жана жеке укуктары төмөнкүдөй багыттар боюнча Тараптар тарабынан каралышы керек:
1. Кабыл алуучу мамлекет иш-чараларды бекер же белгиленген баа боюнча же арзандатылган баа боюнча өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы керек.
2. Чакырылган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле чакырылган студенттердин кабыл алуучу мамлекеттин аймагында жана кайра артты көздөй жол киреси жиберүүчү мамлекет тарабынан төлөнүшү керек.
3. Мүмкүндүк болсо жиберүүчү мамлекеттин персоналы Тараптардын тийиштүү органдарынын уруксаты менен ташуунун аскердик абадагы/жердеги каражаттарын менен акысыз пайдалана алышат. Ташуу каражаттарын пайдалануу боюнча жол-жоболор Тараптардын тийиштүү жетектөөчү документтерине ылайык белгилениши керек.
4. Эгерде кабыл алуучу мамлекет иш-чараларды акысыз өткөрүү чечимин кабыл алса, кабыл алуучу мамлекет чакырылган студенттердин жана чакырылган адамдардын төменкүдөй талаптарын өзүлөрүнүн талаптарына жана жол-жоболоруна (мында жиберүүчү мамлекет төмөндө эскертилбеген маселелерди өзүнө алат) ылайык канааттандырышы керек:
а)чакырылган студенттер үчүн:
(1) окуп жаткан мезгилдеги жашоосун жана тамактануусун; (2) стипендиясын; (3) окуу жана сабактарга байланышкан акысын; (4) аскердик форма кийимин;
б)чакырылган адамдар үчүн:
(1) ар бир айдагы айлык акысын/акчалай төлөмдөрүн; (2) окуу жана сабактарга байланышкан акысын; (3) аскердик форма кийимин;
5. Эгерде кабыл алуучу мамлекет иш-чараларды акы төлөп өткөрүү чечимин кабыл алса, кабыл алуучу мамлекет тарабынан аныкталган окууга төлөнүүчү акы жиберүүчү мамлекет тарабынан кабыл алуучу мамлекеттин тийиштүү банктык эсебине ар бир окуу мезгилин аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде АКШ долларында төлөнөт.
6. Окуу акы төлөнүүчү же акысыз болгонуна карабастан кабыл алуучу мамлекет төмөнкүлөрдү бериши керек:
а) эксперимент, лабораториялык иштерди жана сабактарды өткөрүү үчүн материалдарды, ошондой эле аскердик сабактарды өткөрүү үчүн куралды, техникалык каражаттарды, ок-дарыларды, окуу максатында башка аспаптарды жана приборлорду;
б) китепканага, окуу залына, машыгуу залдарына жана башка окуунун процессине керектүү жайларга кирүү мүмкүндүгүн;
в) окуу процесси алкагындагы өлкө ичиндеги жол жүрүүлөрүн.
9-берене
Башка маселелер
Ушул Макулдашуу менен каралбаган башка маселелер же карама-каршылыктар келип чыкса, Тараптар "Келишимдин" жана "Кызматташуу жөнүндө келишимдин" жоболорун жетекчиликке алышат. 10-берене
Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашырууда же чечмелөөдө келип чыккан талаш маселелер Тараптар ортосунда эксперттердин денгээлинде кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет жана улуттук же эл аралык сотту, үчүнчү тарапты тартуу менен чечүүгө жол берилбейт. Тараптар талаштарды чечүү учурунда өзүлөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышы керек. Эгерде талаштар 60 күндүн ичинде чечилбесе, Тараптар талаш маселени карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алышы керек жана сүйлөшүүлөр 30 күндүн ичинде башталуусу керек. Эгерде 60 күндүн ичинде жыйынтыкка жетишилбесе, Тараптардын кимиси болсо да 90 күн мурда жазуу түрүндөгү билидирүү жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун аракетин токтото алат.
11-берене
Өзгөртүүлөр
Зарыл болгон учурда Тараптардын ар бири жазуу түрүндө ушул Макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат. Жазуу түрүндөгү билидирүүнү алгандан кийин Тараптар 30 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү баштоосу керек. Эгерде жазуу түрүндөгү кабарлоону алгандан кийин 60 күндүн ичинде жыйынтыкка жетишилбесе, Тараптардын кимиси болсо да 90 күн мурда жазуу түрүндөгү билидирүү жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун аракетин токтото алат. Тараптар макулдашкан өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун 13-беренесине ылайык күчүнө кирет. 12-берене
Жарактуулук мөөнөтү жана токтотулушу
1. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күнден баштап 5 (беш) жылдын ичинде "Келишимдин" жана "Кызматташуу жөнүндөгү келишимдин» аракетинин шарттарында күчүндө болот. Эгерде "Келишим" өзүнүн колдонулушун токтотсо, бул Макулдашуу өзүнүн күчүн автоматтык түрдө жоготот.
2. Тараптар Макулдашуунун аракетинин мөөнөтү аяктаганга чейин 90 күн мурдатан аны токтотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүү жиберишпесе, бул Макулдашуунун аракети ар бир кийинки жылга өзүнөн өзү узартылат.
3. Эгерде Тараптардын бирөөсү башка Тарап ушул Макулдашуунун жоболорун аткарбай же аткара албай жатат деп эсептесе, ал жазуу жүзүндө кеңешүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кыла алат, кеңешүү жазуу жүзүндөгү билдирүү алынгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде 60 күндүн ичинде жыйынтыкка жетишилбесе, Тараптардын кимиси болсо да 90 күн мурдатан жазуу түрүндөгү билдирүү жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун аракетин токтото алат.
4. Бул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу окутуу боюнча өткөрүлүүчү иш-чараларга жана дарылоо боюнча көрсөтүлгөн тейлөөлөрге таасирин тийгизбеши керек.
13-берене
Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Бул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
14-берене
Кол коюу
Бул Макулдашууга Тараптардын Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлду.
2014-жылдын ____-___________________ ___________________ шаарында, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Атынан
Колу:
Кызматы:
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Атынан
Колу:
Кызматы:
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.