Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Уюштуруу комитет түзүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-08-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 5-августу № 312-б Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Казы Дикамбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Казы Дикамбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин, аны ишке ашырууну камсыздасын.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 312-б буйругуна тиркеме
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Казы Дикамбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Сариева Эльвира Кубанычбековна
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Абдылдаев Эрлан Бекешович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Сариев Темир Аргембаевич
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Дыйканбаев Курманбек Сапарович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Талиева Камила Абдыразаковна
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Лаврова Ольга Владимировна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Садыков Канат Жалилович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Каптагаев Эмилбек Саламатович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Ахмедов Орунбай Казыбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору;
Кулматов Кубанычбек Кенешович
-
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Оторбаев Кубат Табылдиевич
-
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Саалаев Жедигер Ибраимович
-
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор;
Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору;
Кожалиев Ишен Токтосунович
-
Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Болжурова Ишенгуль Садыковна
-
коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Мамбетов Мукаш Саамалыкович
-
Бишкек шаарындагы "Түп" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Дикамбаева Марта Казиевна
-
К.Дикамбаевдин кызы (макулдашуу боюнча);
Калиев Жакшылык
-
К.Дикамбаевдин иниси (макулдашуу боюнча);
Макешов Кабыл
-
"Азаттык" радиостанциясынын көз карандысыз журналисти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндөЗакон · 11.06.2007 · № 82 · Күчүн жоготкон