# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7- августундагы № 321-б (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлордун демилгеленүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7- августундагы № 321-б (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлордун демилгеленүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 321-р
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12568/edition/572236/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7- августундагы № 321-б (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлордун демилгеленүү боюнча) буйругу (07.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212228

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014 жылдын 7-августу № 321-б «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16 жана 18 беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлору демилгеленсин.

2. Аталган долбоор боюнча мамлекеттик өнөк катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:

- бир апталык мөөнөттө тендер өткөрүүнүн эрежесин иштеп чыксын, тендердик документтерди даярдасын жана тендердик комиссияны түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине аталган долбоорлорду демилгелөө тууралуу билдирсин.

3. Бул буйруктун аткарылышы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
