Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4- августундагы № 310-б (Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын тургундарын коргоо үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептен каражататтарды бөлүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014 жылдын 4-августу № 310-б Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын тургундарын Жүдөмүш суусунун ташкынынан коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын тургундарын Жүдөмүш суусунун ташкынынан коргоо үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 7,0 млн (жети миллион) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1988-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонууга, мамлекеттик сырды сактоо жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуу иретин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттын максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон