# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламентин бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламентин бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 287-р
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12548/edition/852819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламентин бекитүү тууралуу) буйругу (16.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212206

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 22-июлу № 287-б (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу администрациялык-башкаруу жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу, ылайыкташтыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 1 .Тиркелгендер бекитилсин:

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламенти;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентин иштеп чыгууда мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу ашыкча жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана жоюу жөнүндө маселени карап чыксын;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө ай сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчет берсин;

- ай сайын муниципалдык кызматтардын административдик регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине отчет берип турсун;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин ишке киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитип берүүсүнө жараша камсыздасын;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн маалымдоону жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентинин мазмунуна карата, анын ичинде веб-сайтта жайгаштыруу аркылуу жеткиликтүүлүгүн камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентин иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтсүн;

- администрациялык регламенттердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна белгиленген тартипте киргизүүнү уюштурсун.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
