# КР Президентинин 2012-жылдын 4-июлундагы ПБ № 105 (Илмиянове И.С.,Азыранкулова А.Д. жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 4-июлундагы ПБ № 105 (Илмиянове И.С.,Азыранкулова А.Д. жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/21205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4678/edition/560595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/21205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 4-июлундагы ПБ № 105 (Илмиянове И.С.,Азыранкулова А.Д. жөнүндө) буйругу (04.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/21205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2012-жылдын 4-июлу ПБ № 105 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Уставына ылайык:

1. Төмөндөгүлөр Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Илмиянов Икрамжан Саттарович;

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу Азыранкулов Айбек Джаныбекович.

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 133 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-февралындагы № 46 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-мартындагы № 52 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы № 78 буйругу.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
