# КР Премьер-министринин 2012-жылдын 1-февралындагы № 150 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2012-жылдын 1-февралындагы № 150 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12391/edition/568932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2012-жылдын 1-февралындагы № 150 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212049

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 1-февралы № 150 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "2011-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 10-мартына чейин" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган буйрукка тиркеме ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Тиркеме

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүүгө карата сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топтун курамы

Рыскулова Айгүл Маратбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасы;

Скрипкина Галина Анатольевна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча).

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Исаков Эсенгул

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Дыйканбаев Курманбек Сапарович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кожошев Арзыбек Орозбекович

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Тарбинский Олег Станиславович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Бакиров Жетиген Жокинович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук өнүктүрүү жана мониторинг секторунун башчысы;

Асанакунов Болот Жапарович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун башчысы;

Таиров Марат

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Шамшиев Чынгыз Болотбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;

Курманбеков Алмаз Улугбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мыйзамдуулук жана бюджеттер аралык мамилелер методологиясы бөлүмүнүн башчысы;

Бекбасарова Гүлнара

\-

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу проблемаларын изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Сульпиева Дамира Сабиржановна

\-

ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Бекиев Бекболот

\-

"Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Ташбаев Илияз Азизбекович Эскертүү:

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун эксперти, жумушчу топтун жооптуу катчысы.

Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары зарылдыгына жараша ишке тартылышат.
