Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 1-февралы № 150 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2011-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 10-мартына чейин" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган буйрукка тиркеме ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Тиркеме
Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүүгө карата сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топтун курамы
Рыскулова Айгүл Маратбековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасы;
Скрипкина Галина Анатольевна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Исаков Эсенгул
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Дыйканбаев Курманбек Сапарович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кожошев Арзыбек Орозбекович
-
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Тарбинский Олег Станиславович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Бакиров Жетиген Жокинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук өнүктүрүү жана мониторинг секторунун башчысы;
Асанакунов Болот Жапарович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун башчысы;
Таиров Марат
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Шамшиев Чынгыз Болотбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Курманбеков Алмаз Улугбекович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мыйзамдуулук жана бюджеттер аралык мамилелер методологиясы бөлүмүнүн башчысы;
Бекбасарова Гүлнара
-
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу проблемаларын изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Сульпиева Дамира Сабиржановна
-
ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);
Бекиев Бекболот
-
"Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Ташбаев Илияз Азизбекович Эскертүү:
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун эксперти, жумушчу топтун жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары зарылдыгына жараша ишке тартылышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 (Жумушчу топ курамын түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 27.08.2011 · № 413
Шилтеме берет (1)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 (Жумушчу топ курамын түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 27.08.2011 · № 413