# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 291-р
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/212018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12360/edition/872554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/212018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу (25.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/212018

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 25-июлу № 291-б (КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта:

экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;"; тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;"; он биринчи - он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;"; он бешинчи жана он алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;";

- 2-пунктта "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 211-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталган буйрук менен түзүлгөн Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын курамында:

биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;".

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндегы № 122-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 385-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-мартындагы № 80-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 325-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 318-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 475-б буйругу.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
