# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 187-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 187-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 269-р
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12304/edition/564225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 187-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругу (17.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 17-июлу № 269-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, ошондой эле Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун узак мөөнөттүү демилгелерин пландуу жылдыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 187-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Уезбаев У.К.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Турганбаев Т.С.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары;

Аскар уулу Мирлан

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын начальниги;

Налобина Е.В.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги;

Ларионов Д.В.

Евразия регионундагы Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

- жумушчу топтун курамынан Ибраев К.И., Асакеев Э.И, Рунов И.Б., Бекболотов Р.А. чыгарылсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Жумушчу топ Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун демилгелерин ишке ашыруу боюнча ишти аяктаганга чейин улантсын.".

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев
