# КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 16-декабрындагы № 259 (Ѳзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 16-декабрындагы № 259 (Ѳзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/21184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4664/edition/570820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/21184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 16-декабрындагы № 259 (Ѳзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (16.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/21184

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ БУЙРУК 2013-жылдын 16-декабры № 259 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 буйругу менен түзүлгөн эксперттик жумушчу топтор өткөрүүчү сот адилеттигин жүргүзүүдө процесстик жана башка укук ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун даярдоонун кыйла көлөмдүү экендигин эске алып жана алардын жоболорун, анын ичинде укуктун чектеш жактарын сапаттуу жеткире иштеп чыгуу максатында, ошондой эле алардын иштөө мөөнөттөрүн 2014-жылдын 1-мартына чейин узартуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө аталган топтордун сунуштарын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жогоруда аталган буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункттун бешинчи абзацында "2013-жылдын 1-декабрынан" деген сөздөр жана цифралар "2014-жылдын 1-мартынан" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:

Д.И.Нарымбаев
