# КР Премьер-министринин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 233 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 233 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-12178/edition/559965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 233 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу (22.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211835

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2011-жылдын 22-апрели № 233 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү маселелерин тейлөөчү орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык карыздарын өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 26-январындагы № 47 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

А. Атамбаев
