Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлорун жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 27-майы № 190-б
1. 2014-жылдын 29-31-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору ушул буйруктун 1-тиркемесинде келтирилген Тизмекке ылайык жактырылсын.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри
Дж.Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 190-б буйругуна 1-тиркеме
2014-жылдын 29-31-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына киргизилүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
1. Илимий-техникалык маалыматтарды мамлекеттер аралык алмашуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашуунун долбоору.
3. 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоонун эрежеси жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору.
4. 2002-жылдын 7-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору.
5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун долбоору.
6. Гуманитардык миналарды тазалоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн инженердик аскерлеринин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун долбоору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 190-б буйругуна 2-тиркеме
2014-жылдын 29-31-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Расмий делегация:
Оторбаев Жоомарт Каипович(*)
-
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы;
Бешимов Аскар Жолчубекович
-
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Муралиев Алтынбек Амангельдиевич(*)
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Асанкожоева Зина Мукаевна
-
КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Султанов Талант Кушчубекович
-
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүлү;
Торалиева Гулнура Тынчтыкбековна(*)
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
Коштоочу адамдар:
Сыдыкова Гульмира Ракыевна(*, ***)
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
Толонов Расул Арапбаевич(*, **)
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн референти;
Айльчиев Сабыр Сагынбекович(*)
-
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы;
Деркенбаев Алтынбек Шамирович(*)
-
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору;
Соодонбекова Алтынай Маратбековна(*, **)
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти.
Күзөт:
Асылбеков Жолдош Арсарович(**)
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын кызматкери;
Абдырасул уулу Азамат(*)
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын кызматкери.
Эскертүү: (*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет; (**) - 2014-жылдын 25-31-майында Беларусь Республикасынын Минск шаарына командировкага жиберилет; (***) - 2014-жылдын 27-31-майында Беларусь Республикасынын Минск шаарына командировкага жиберилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон