# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 30-июнундагы № 290 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 30-июнундагы № 290 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11949/edition/820571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 30-июнундагы № 290 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу (13.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211606

---

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 404 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 30-июну № 290 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын .Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобого ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; • Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси -министрдин катчылыгынын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 509 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

Дж. К. Оторбаев
