# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелинен " Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " ПУ №116 Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелинен " Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " ПУ №116 Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-96/edition/489843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелинен " Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " ПУ №116 Указы (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2116

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2001-жылдын 5-апрели ПУ № 116 Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөгү тиркелген Жобо жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда төраганын эки орун басары, анын ичинде бир биринчи орун басары, төраганы жана анын орун басарларын кошуп алганда башкарманын жети мүчөсү боло тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы эки айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароого киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 24-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
