# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 9-р
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211588>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11931/edition/555790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211588.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (17.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211588

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 17-январы № 9-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-январындагы № 9-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасында

администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын

ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча); көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
