# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б ("CASA-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан ары катышуу максатында комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б ("CASA-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан ары катышуу максатында комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 270-р
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11558/edition/932477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б ("CASA-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан ары катышуу максатында комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү боюнча) буйругу (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 6-июлу № 270-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 176-б, 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 498-б, 2018-жылдын 31 декабрындагы № 471-б буйруктардын редакцияларына ылайык) "CASA-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан ары катышуу максатында: "1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).". (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 498-б, 2018-жылдын 31 декабрындагы № 471-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 100-б буйругу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январындагы № 29-б буйругу.

Премьер-министр

А. Атамбаев
