# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б (Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүн дайындоо тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б (Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүн дайындоо тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 246-р
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11546/edition/550854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б (Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүн дайындоо тууралуу) буйругу (07.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211201

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 868-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 23-июну № 246-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 "Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) мүчөлүгүнө кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

2.Кыргыз тараптан Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн эксперт консультанты (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси (макулдашуу боюнча).

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 269-б буйругу.

Премьер-министр

А. Атамбаев
