# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 103-б (Автомобиль жолдорунун участкаларын оңдоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 103-б (Автомобиль жолдорунун участкаларын оңдоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 103-р
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11536/edition/550750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 103-б (Автомобиль жолдорунун участкаларын оңдоо боюнча) буйругу (10.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 10-марты № 103-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:

- Жалал-Абад облусундагы төмөнкү автомобиль жолдорунун участкаларын баланска кабыл алсын:

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы автовокзалдан Бишкек-Ош автожолуна чейинки - узундугу 3 км; Базар-Коргон-Чкалов - узундугу 12 км; Ленин-Жыгач-Коргон-Октябрь - узундугу 8 км; Ак-Тоок-Мөл-Булак - узундугу 1,6 км;

- баланска кабыл алынган автомобиль жолдорунун участкаларын оңдоону жана күтүүнү камсыздасын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
