# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 232-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөк катары аныктоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 232-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөк катары аныктоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 232-р
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11535/edition/550295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 232-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөк катары аныктоо боюнча) буйругу (20.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211190

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 20-июну № 232-б Укук бузуулардын алдын алууга жана кылмыштарды ашкерелөө деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишинде ыкчамдыкты камсыздоого багытталган заманбап инфратүзүмдү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин жетекчиликке алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) алкагында "Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөк катары аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:

- жогоруда аталган долбоорлорду МЖӨнүн алкагында демилгелөе үчүн мыйзам талап кылуучу жол-жоболорду аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундуларын эске алуу менен жогоруда аталган долбоорлорду андан ары ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.

3. Жогоруда аталган долбоорлорду МЖӨнүн алкагында демилгелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги даярдаган сунуштарга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте экспертиза жасасын жана бир апталык мөөнөттө өзүнүн корутундусун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган долбоорлорду МЖӨнүн алкагында ишке ашырууда болуучу тобокелдиктер жөнүндө корутундусун бир апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине белгиленген тартипте берсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.М.Маматалиевге тапшырылсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
