# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 191-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 191-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 191-р
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11493/edition/578194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 191-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу (04.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211148

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябры № 379-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 28-майы № 191-б

1. Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жонүндо макулдашууга озгортүүлордү киргизүү тууралуу протокол

Мындан ары тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 19-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкү редакцияда берилснн: "5-берене Жүк ташуулар автотранспорт каражаттары менен уруксатсыз ишке ашырылат:

а) Тараптардын эки мамлекеттеринин ортосунда;

б) Тараптардын эки мамлекетгеринин аймакгары боюнча транзиттик ташуу менен. .

Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчунчү мамлекетгин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташуу, экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан алынган уруксатгын негизинде аткарылат.". 2-берене Бул Протокол, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү акыркы маалымдоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган датадан баштап күчүнө кирет. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_шаарында 2014-жылдын « » казак, кыргыз жана орус тилдеринде ар бири эки иускадан түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө каймы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Казахстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
