# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 186-б (2014-жылдын 31-майы жумуш күнү деп белгилөө боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 186-б (2014-жылдын 31-майы жумуш күнү деп белгилөө боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 186-р
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11491/edition/546426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 186-б (2014-жылдын 31-майы жумуш күнү деп белгилөө боюнча) буйругу (27.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211145

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 27-майы № 186-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 31-майы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2014-жылдын 31-майын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
