# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 182-б (Жер участокторун бөлүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 182-б (Жер участокторун бөлүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 182-р
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11488/edition/546419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 182-б (Жер участокторун бөлүү боюнча) буйругу (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211142

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 26-майы № 182-б Бишкек - Ош автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун 4-фазасын (Бишкек - Кара-Балта жана Маданият - Жалал-Абад участокторун) натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:

1. Аталган автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун 4-фазасы толук ишке ашырылганга чейин Бишкек - Ош автомобиль жолунун Бишкек - Кара-Балта участогунун - 9-61 километринде жана Маданият -Жалал-Абад участогунун - 502-571 километринде жол огунун эки тарабынын 32 метр кеңдиктеги тилкесинде капиталдык объекттерди, ошондой эле жеңилдетилген объекттерди, анын ичинде жарнак конструкцияларын курууга, реконструкциялоого, кайра профилдөөгө жана кайра пландоого жер участокторун бөлүү жана уруксат берүүчү документтерди берүү токтотула турсун.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Бишкек - Ош автомобиль жолунун участокторунун жээгинде, жол огунун эки тарабынын 32 метр кеңдиктеги тилкесинде капиталдык объекттерди, ошондой эле жеңилдетилген объекттерди, анын ичинде жарнак конструкцияларын курууга жер участокторун бөлүп берүүнү токтото туруу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
