Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жер участокторун бөлүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 26-майы № 182-б Бишкек - Ош автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун 4-фазасын (Бишкек - Кара-Балта жана Маданият - Жалал-Абад участокторун) натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Аталган автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун 4-фазасы толук ишке ашырылганга чейин Бишкек - Ош автомобиль жолунун Бишкек - Кара-Балта участогунун - 9-61 километринде жана Маданият -Жалал-Абад участогунун - 502-571 километринде жол огунун эки тарабынын 32 метр кеңдиктеги тилкесинде капиталдык объекттерди, ошондой эле жеңилдетилген объекттерди, анын ичинде жарнак конструкцияларын курууга, реконструкциялоого, кайра профилдөөгө жана кайра пландоого жер участокторун бөлүү жана уруксат берүүчү документтерди берүү токтотула турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Бишкек - Ош автомобиль жолунун участокторунун жээгинде, жол огунун эки тарабынын 32 метр кеңдиктеги тилкесинде капиталдык объекттерди, ошондой эле жеңилдетилген объекттерди, анын ичинде жарнак конструкцияларын курууга жер участокторун бөлүп берүүнү токтото туруу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 181-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 26.05.2014 · № 181-р · Күчүн жоготкон