Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын делегациясы түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 26-майы № 180-б Женева шаарында (Швейцария) 2014-жылдын 28-майында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетинин 66-сессиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 140 "Баланын укуктары жөнүндө Конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү жана төртүнчү баяндамасы тууралуу" токтому менен жактырылган Баланын укуктары жөнүндө Конвенциянын жоболорун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын бириктирилген (үчүнчү жана төртүнчү) баяндамасын берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамында түзүлсүн:
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич
-
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри, делегациянын башчысы;
Скрипкина Галина Анатольевна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Джунушалиев Кашкар Астаканович
-
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Калиева Гульбара Утюровна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ешходжаева Анара Сагынбековна
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги;
Мамбетова Диана Долоткельдиевна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкы адиси;
Искакова Гульнара Тентиевна
-
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;
Айдит Эркин
-
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси;
Алтымышева Алмаш Дюшеновна
-
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн атташеси.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетинин 66-сессиясына катышуусуна байланышкан бардык чыгымдар Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн каражаттарынан төлөнөөрү көңүлгө алынсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.