# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 170-б (Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныктоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 170-б (Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныктоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 170-р
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11478/edition/546214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 170-б (Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныктоо боюнча) буйругу (22.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211132

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 22-майы № 170-б "1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигине 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө билдирсин.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
