# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 11-мартындагы № 46 (С.О.Баратбаевке жана Э.Т.Мукановко ишеним кат берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 11-мартындагы № 46 (С.О.Баратбаевке жана Э.Т.Мукановко ишеним кат берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11379/edition/547610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 11-мартындагы № 46 (С.О.Баратбаевке жана Э.Т.Мукановко ишеним кат берүү тууралуу) буйругу (11.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211033

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2014-жылдын 11-марты № 46 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун, үчүнчү тарап болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна (2011-жылдын 6-апрелиндеги, В сериясындагы № 050762) күбөлүктү жараксыз деп эсептөө жана жер участогун мамлекеттин пайдасына кайра алуу женүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси - юристи Баратбаев Санжар Орозбековичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Муканов Элдияр Табылдиевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укутусуз берилсин.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.С. Момуналиев
