Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (С.О.Баратбаевке жана Э.Т.Мукановко ишеним кат берүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2014-жылдын 11-марты № 46 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун, үчүнчү тарап болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна (2011-жылдын 6-апрелиндеги, В сериясындагы № 050762) күбөлүктү жараксыз деп эсептөө жана жер участогун мамлекеттин пайдасына кайра алуу женүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси - юристи Баратбаев Санжар Орозбековичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Муканов Элдияр Табылдиевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укутусуз берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.С. Момуналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.