# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 27-февралындагы № 40 (Д.Б.Мамбетовага ишеним кат берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 27-февралындагы № 40 (Д.Б.Мамбетовага ишеним кат берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11377/edition/547606/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 27-февралындагы № 40 (Д.Б.Мамбетовага ишеним кат берүү тууралуу) буйругу (27.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2014-жылдын 27-февралы № 40 "Партнерская группа "Прецедент" коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн, үчүнчү жак болгон Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин үстунөн мамлекеттик бийлик органынын аракети жана аракетсиздиги жөнүндө талашкан доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо башкармасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана калкты, мүлккө укуктарды каттоо жана архив чөйрөлөрүндөгү саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Мамбетова Динара Бейшенбековнага бардык соттук отурумдарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр

Н.С. Момуналиев
