# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 26-февралындагы № 35 (М.Р.Нурманова жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 26-февралындагы № 35 (М.Р.Нурманова жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11375/edition/547237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2014-жылдын 26-февралындагы № 35 (М.Р.Нурманова жөнүндө) буйругу (26.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2014-жылдын 26-февралы № 35 "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк- курулуштук фирма" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн 385 167 (уч жүз сексен беш миң жүз алтымыш жети) сом суммасындагы карызын өндүрүү жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармасынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурманова Майрамкан Райымбековнага бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз берилсин.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.С. Момуналиев
