# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 232 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 232 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11362/edition/547211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 232 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211016

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2013-жылдын 25-сентябры № 232 Чектелген жыштык ресурсун берүү тартибин регламенттештирүү, ошондой эле радиожыштык спектрин бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелериндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатында:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:

- мамлекеттик жыштык ресурсун беруү механизмин жөнгө салуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн;

- байланыш операторлоруна жыштык ресурсун берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3 G "WCDMA\\UMTS" стандартындагы мобилдүү байланыш радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткерүү жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерди жана шарттарды колдонуунун мыйзам ченемдүүлүгүн карасын;

- белгиленген тартипте төменкүлөрдү аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин:

радиожыштык спектрин колдонуунун келечектүү багыттарын; номиналдарды жана/же радиожыштык тилкелерин бөлүп берүү тартибин жана шарттарын;

- улуттук оператор катары "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна артыкчылыктуу тартипте жана жецилдик шарттарында жацы муундагы тарамдарды жайылтуу. үчүн радиожыштык спектринин тилкелерин бөлүү жөнүндө маселени карасын жана бул маселе боюнча иштелип чыккан чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык, методикалык жана уюштуруучулук камсыздор КыргызРеспубликасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеггик байланыш агенттигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

М.К. Мукамбетов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси –министрдин 2013-жылдын 25 09 № 232 буйругуна тиркеме

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Абдылдаев Дүйшенбек Рыскулбекович

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Жолдошев Суранбай Турсунмаматович

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин радио байланыш бөлүмүнүн башчысы;

Исмаилов Зайнулла Токталиевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;

Серова Ольга Васильевна

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;

Максүтов Нурбек Бекболотович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик жеке өнөктөштүк инвестицияларын алга жылдыруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Орозбеков Нуржан Жолдошевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун акционердик коомдор менен иштөө башкармалыгынын начальниги;

Нурматов Байыш Мурматович

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору (макулдашуу боюнча).
