# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 204 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун түшүндүрмөсүн бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 204 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун түшүндүрмөсүн бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11347/edition/546908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 204 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун түшүндүрмөсүн бекитүү боюнча) буйругу (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2011-жылдын 11-ноябры № 204 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин XI белүмүнө ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун тиркелген түшүндүрмөсү бекитилсин.

2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жиберилсин.

Министр Өкмөттүн Аппарат жетекчиси

Н. Момуналиев

Кыргыз Республикасынын министринин - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин 2011-жылдын 11 ноябрындагы № 204 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктуна ТҮШҮНДҮРМӨ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунда техникалык жана тейлөөчү персоналдын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен белгиленген сандык чектин 20 процентинен ашпастан белгиленет деп аныкталган. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар өздөрүнүн чектүү штаттык санынан техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн 20 процентгик квотаны борбордук аппарат, ведомстволук жана аймактьж бөлүмдөрүнүн ортосунда өз алдынча бөлүштүрө алышат.
