КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө» токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун түшүндүрмөсүн бекитүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2011-жылдын 11-ноябры № 204 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин XI белүмүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун тиркелген түшүндүрмөсү бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жиберилсин.
Министр Өкмөттүн Аппарат жетекчиси
Н. Момуналиев
Кыргыз Республикасынын министринин - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин 2011-жылдын 11 ноябрындагы № 204 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктуна ТҮШҮНДҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунда техникалык жана тейлөөчү персоналдын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен белгиленген сандык чектин 20 процентинен ашпастан белгиленет деп аныкталган. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар өздөрүнүн чектүү штаттык санынан техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн 20 процентгик квотаны борбордук аппарат, ведомстволук жана аймактьж бөлүмдөрүнүн ортосунда өз алдынча бөлүштүрө алышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2011 · № 28 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "КР Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген)Регламент · 26.01.2011 · № 28 · Күчүн жоготкон