# 8-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/211)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 2-июну № 46 "Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-198/edition/464232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 8-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенден кийин, жер участоктору (үлүштөрү) алым катарында киргизилген учурларда, айыл чарба багытындагы жер участокторунун менчик ээлери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 36-статьясында көрсөтүлгөн түрлөрдөгү жерге жамааттык-ишкердик жана жамааттык биргелешкен жеке менчикке негизделген биргелешип чарба жүргүзүүнүн жамааттык жана башка түрлөрүн түзүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн, уставдык капиталга кошкон салымы жер участогу (үлүшү) болуп эсептелген чарбалык коомдор жана шериктиктер, ар бир катышуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү, салым катары жер участогун (үлүшүн) бергендер өзүнүн жер участогун (үлүшүн) уставдык капиталга өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги жөнүндө келишим түзөт.

3. Мындай келишим түзүүдөн баш тарткан учурда жер участогунун (үлүшүнүн) менчик ээси чарбалык коомдун же шериктиктин курамынан өзүнүн жер участогун (үлүшүн) натуралай алып, чыгып кетүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-9)
