# 7-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/211)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 2-июну № 46 "Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-198/edition/464232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 7-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-7

---

1. Жеке жактарга берилген жана орточо чарбалык жер үлүшүнөн ашык болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алар үчүн 2000-жылдын 1-январына чейин акчалай компенсациялар төлөнбөгөн айыл чарба багытындагы жер участоктору, ошондой эле чакан фермаларды, фермердик чарбаларды, алардын ичинде эт, сүт багытындагы чакан фермаларды түзүү үчүн берилген жер участоктору ал берилген мөөнөткө чейин жеке жактардын пайдалануусунда калат.

2. Эгерде жер участокторун берүүдө пайдалануунун мөөнөттөрү аныкталбаса, жер участокторун пайдалануу 2000-жылдын 1-январына чейин берилген деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-8)
