# 5-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/211)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 2-июну № 46 "Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-198/edition/464232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/211/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 5-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-5

---

1. Чарба жүргүзүү жана оперативдик башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар, жер участокторун акысыз түрдө мөөнөтсүз пайдаланууга алган мамлекеттик жана коммуналдык мекемелер, коомдук бирикмелер, коомдук фондулар жана диний уюмдар өздөрү жоюлган учурда жер участокторун ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берет. Имараттар жана курулуштар жайгашкан жер участогуна байланыштуу маселелер имараттарга жана курулуштарга ылайык чечилет.

2. Мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар менчиктештирилгенде жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына киргизилет.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/211/st-6)
