# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 112-б (Бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартоо боюнча буйругу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 112-б (Бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартоо боюнча буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 112-р
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11335/edition/545204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 112-б (Бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартоо боюнча буйругу) (31.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210989

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 31-марты № 112-б Жергиликтүү бюджетти аткарууда финансылык кыйынчылыктардын пайда болушуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Бишкек шаарынын калкын жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан карыздарды төлөөгө 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан республикалык бюджеттен алынган 100 (жүз) млн.сом суммасындагы бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартсын;

- бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтүн узартууну эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы менен 2013-жылдын 30-октябрындагы № 1 Ссуда келишимине кошумча макулдашуу түзсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдети аткаруучу

Дж.К. Оторбаев
